Суютулган газ Бишкектин Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз сатылууда. Унаада сатылган газ «Ипортгаз» ААК таандык болуп чыкты. Бир жума мурун экотехинспекция тарабынан ишканага айып пул салынган. Бирок, ага карабастан иштерин улантып жатышат.
Суютулган газды сатуу жай айларында абдан кооптуу. Бул трассанын жана үйлөрдүн жанында сатылып жатат. Мындан тышкары электр чубалгылары дагы тартылып тургандыктан бул жерден сатууга таптакыр мүмкүн эмес экени Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекдиясынын Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө белгилүү болду.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ