Кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Ал кечээ башталган, ага 16 өлкөдөн спортчулар келишкен.
Бүгүнкү күрөштө биздин эки балбан: Асанкелди Нуркасым уулу менен Бектуркан Кожомуратов 1-орунду алса, Тилек Куралов менен Эламан Базарбек уулу коло байге алды.
Финалда Байыш Тажыгул уулу орус балбаны Султан-Мурат Гогуев менен, Санжар Аманов болсо орус балбаны Алибек Тоторкулов менен күч сынашат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ