Menu

Өзбек бийлиги фермерлердин укугун коргоочуну абактан чыгарды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 63 жаштагы укук коргоочу Бобомурод Раззаков үч жыл түрмөдө жазасын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Эзгулик» адам укугун коргоо коому билдирди. Раззаковду активисттер Василя Иноятова жана Абдурахман Ташанов абактан тосуп алышты.

Бобомурод Раззаков 25-октябрда түрмөдөн чыгып, колониянын коштоочусу менен Бухарага кетти.

Укук коргоочу айрым жарандарды көмүскө түрдө Орусияга жөнөтүүгө тиешеси бар деп шектелген. Ал 2013-жылы адам соодалоо боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Бобомурод Раззаков сотто коюлган кинелерди четке каккан.

Укук коргоочулар кылмыш ишин чагым катары баалап, Бобомурод Раззаковду саясий көз караштары үчүн соттоп жатканын жарыялашкан. Ал фермердик ишмердүүлүк менен алектенип, фермерлердин көйгөйлөрүн айтып, жергиликтүү бийликтин жосунсуз жоруктарын ашкерелеп турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: