Москвада Кыргызстандан келген активисттер чогулуш өткөрүп, өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БШКсына Жогорку Кеңешке шайлоону уюштуруу маселеси боюнча мигранттардын талаптарын коюуну чечишти.
Жолугушуунун уюштуруучусу жана “Баткен коомунун” төрайымы Элмира Эшанова уюмдун катышуучуларынын негизги талабы Жогорку Кеңешке шайлоолордо онлайн режиминде добуш берүү экендигин белгиледи.
“Биз, мигранттар чет өлкөдө жакшы жашоо үчүн жүргөн жокбуз. Биз өлкөнүн келечегине кам көрөбүз, баарыбыз патриотпуз жана Кыргызстанда пандемия күчөгөндө, ар бир чартердик рейсте коронавирус менен күрөшүү үчүн медициналык жабдууларды, жеке коргонуу каражаттарды жөнөттүк. Азыр мамлекетибиздин тагдыры чечилип жаткан учурда биз четте карап тура албайбыз. Ошондуктан бул жолугушууну уюштуруп, талаптарыбызды ортого салууну чечтик ” – деди ал.
Анын айтымында, Россия жакында онлайн режиминде добуш берүүнү сынап көрдү, москвалыктар үйлөрүнөн чыкпай, уюлдук телефондор менен компьютерлерди колдонуп добуш беришкен. Эгерде биз ушул тажрыйбаны колдонсок, анда дүйнө жүзүндөгү мигранттар Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Эшанованын айтымында, бардык көйгөйлөрдү онлайн добуш берүү аркылуу чечсе болот, ал үчүн Кыргызстандын консулдуктарына жана элчиликтерине баруунун, ошондой эле добуш берүүгө катышуу үчүн бир нече күн ар кандай документтерди өткөрүүнүн дагы кажети жок. “Санариптештирүү доорунда биз парламенттик шайлоодо добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылабыз” – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ