Menu

“Президент жана Бомж-3” Европа, Америка жана Бишкек, Жалалабад, Ошто тартылат 

Бөлүшүү:

Тасманын аткаруучу проюсери Самаган Орозалиев менен маек

– Самаган мырза, буга чейин журналистикада жүрүп келсеңиз, эми кино жаатына өтүп кеткениңиз тууралуу массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда уу-дуу болуп жатат. “Президент жана бомж-3” тасмасына аткаруучу продюсер болуптурсуз. Бул жаңы кадамыңызды түшүндүрүп койбойсузбу.

– Өмүрзак Төлөбеков “Прези- дент жана бомж-1-2” тасмаларын тартканга чейин журналистика тармагында бирге иштешкенбиз. Бул киши азыркы мезгилдин талабына ылайык күчтүү режиссер-продюссер болуп калды. Мен чыгармачылыкка жакын болгон үчүн, “Алтын Кылым Тарых-100” долбоордун телефильмдерин тартууга тажрыйба алыш үчүн, ал киши менен“Президент жана бомж” тасмасынын 3-бөлүгүн тартууга аткаруучу продюссер катары үзөңгүлөш кино тармагына жигердүү кириштик.

– “Президент жана бомж-3” чет өлкөлөрдө тартылмакчыбы?

– Ооба. Чыгармачылык процессте күнүгө өзгөрүү болот да. Айрым эпизоддор Европада, Америкада тартылмакчы. Ага чейин өзүбүздүн Кыргызстанда тартабыз. Бишкекте 18-мартта спорт сарайында, 14-мартта Жалалабадда Барпы театрында, 15-мартта Ошто драма театрында президент эл менен жолугушкан эпизоддор тартылат. Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана белгилүү куудулдар катышкан кызыктуу чоң концерт менен коштолмокчу.

– Кино тартылып жана концерт коюлуп атса киного түшкүсү келген кишилерди залдарга кантип батырмакчысыздар?

– Билет сатылат. Бишкекте 400-500 сомдон болсо, Ош, Жалалабадда 200-250 сомдон. Ырчы- куудулдардын гонорары, аренда акылары, кино тартуу кызматтары кошулат да.

– Кыргызстанда, анан Европада тартсаңыздар анан эл көптөн чыдамсыздык менен күткөн кино кинотеатларга качан чыгат?

– 3-майда деп болжоп турабыз.

– Чындыгында эле “Президент жана бомж-3” көпчүлүк күткөн кино тасма. Андыктан анын кызыктуу чыгып, кыргыз кино өнөрүнүн жаңы мыкты чыгармасына айланышына тилек кошобуз.

– Чоң рахмат!

Аэлита САТЫНДИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: