Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы отурумунда спикерди шайлоо маселеси каралат. Бул маселе күн тартибинде биринчи болуп турат.
Учурда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев алардын фракциясы дагы төрагалыкка талапкер көрсөткөнүн жана ал талапкерди алгач конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карашы керектигин айтып, танапис жарыялоо сунушун киргизди жана ал сунушту жыйынга төрагалык кылып жаткан Нурбек Алимбеков канааттандырды. Азыр депутаттар танаписке чыгышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ