Бүгүн, 26-март саат 15:00гө карата Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган жаңы учурлар катталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Өлкө боюнча таажывирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен: Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек ш. – 3 учур, Чүй облусунда – 1 учур, Баткен облусунда – 1 учур.
Анын айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп алган 44 бейтап ооруканаларга жаткырылып, керектүү дарылануудан өтүп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ