Өткөн жуманын соңунда ИИМдин жарым жылдык коллегиясы болуп, адатынча Ленин РИИБсинин начальниги Мадияр Кулуев «больничныйга» чыга качып, бирок, министр Кашкар Жунушалиевден коркконунан жыйынга зорго келди. «Ээлеген кызматына татыктуу эмес» деген жаза алды. Эми кызматынан кетиши керек. Туура да, эгерде дайыма эле жумуштан оорукчан болсо, ордун бошотуп эле кете бербейби? Ансыз да аталган райондо кылмыштуулук көп, жумуш оор. Мындай шартта энергиялуу кадр иштеш керек да. Таңкаласың, дайыма чоң чогулуштарга Мадияр өзү барбай эле орун басарын жөнөтүп койгону салтка айланып келет. Же кыйраткан иши жок. ИИМ мындай «иритмелерден» арылбаса качан оңолот?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ