III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна Голливуд жылдыздары Анжелина Джоли, Джеки Чан жана Леонардо ди Каприо чакырылды. Бул туурасында аталган бөлүмдүн маалымат катчысы билдирди.
«Азырынча жооп ала элекпиз. Баардыгына кат аркылуу чакыруу жөнөтүлдү. Бул жолу Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна Стивен Сигал келиш керек» деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, Стивен Сигал 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун кадырлуу катышуучусу болгон.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ