Стамбул шаарында кечээ, 13-декабрда, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бангладеш Элдик Республикасынын Президенти Абдул Хамид менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бангладеш кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кызматаштыктын келечегин талкуулады. Өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында саясий байланыштарды жайгаруу жана чыңдоо зарылдыгы тууралуу өз-ара түшүнүшүүгө жетишилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ