Menu

Ак үйдүн сүймөнчүк кадрлары кабинеттерде акча бөлүштүрүп жүрүшөбү?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө эл күйөрман болуп, колдоп келатканы чындык. Бирок, бул жышаан – Жээнбековдун тушунда же болбосо анын кол астында иштеген же сүймөнчүк кадрларынын коррупцияга таптакыр барбай, таза иштеп жатканын түшүндүрбөйт. Колу туткак жетекчилер ар режим тушунда болуп келген…

Мындай акмакчылыкка баргандар бүгүн С.Жээнбековдун коррупцияга каршы аёосуз жүргүзүп жаткан күрөштүн фонунда накта айбанчылыкка барабар. Президент элдин көзүнчө ант берип, коррупцияга барса, досу, тууганына карабастан аябай турганын айтып аткан маалда суук колун элдин казынасына салгандардын кылыгы саткынчылык, суу куйдулук мүнөзгө барабар. Сыртынан кычырап кийинип алышып, абдан олуттуу кеп козгоп, чындык, акыйкаттуулукту саймедиресе, койнунда котур жылан жатканын президент кайда билмек эле. Бирок, ишенимдүү айтыш керек, андайлар бар, чындык үчүн ошондой бир фактыны ачыкка чыгарууга туура келди.

Кечээ жакында эле “урангейт” маселесинде өкмөттүн жели чыгып, премьер-министр М.Абылгазиев араң жерден калды. Андан кийин да чатактуу иштер токтогон жок. Бул кырдаалда президент Сооронбай Жээнбековдун чыдамкайлыгына таң беришибиз керек. Анткени, ажобуз өзү ишенип койгон кадрларга аягына чейин ишенүү тактикасын карманууда. А бирок, ажонун ишеничин бул кадрлар кантип актап жатат?

Бизге эксклюзивдүү маалыматтар келип түштү. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандын аймагында уран калдыктары көмүлгөн эң чоң аянттар жатат. Аларды тейлөө, жылдырбай кармап турууга миллиондогон доллардык каражаттар жумшалат. Албетте, Кыргызстан кедей мамлекет болгондуктан, буга негизинен чет өлкөлүк донорлор колдоо көрсөтүүдө. Быйылкы жылда да калдык сактоочу жайларды рекультувизациялоого оңбогондой акча каражаттары каралган. Россиянын “Росатом” компаниясы дагы мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу, быйыл биздеги калдык түйгүчтөрдүн абалын жакшыртууга өтө көп суммадагы акча каражатын бөлгөн. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калдык сактоочу жайларды көзөмөлгө алуу агенттигинин жетекчиси Дамир Кушбаковдун айтымында, Кыргызстандагы бул кооптуу жайларды рекультувизациялоого Россия менен Казакстан 2015-жылдан бери 1,2 миллиард рубль бөлүшү керек. Анын төрттөн үч бөлүгүн Россия берет. Ошонун ичинен 500 миллион рубль Кыргызстанга, калганы Тажикстанга кетмек. Кийин бул сумма көбөйгөн. Келишимге ылайык, акыркы жылдарда “Росатом” керектүү каражатты бөлгөн. Бирок, учурда Кыргыз Өкмөтүндө чоң чыр болуп жатат. Себеби, “Росатомдун” белгилүү максат менен быйыл бөлгөн акчасы 60 миллион сом болсо, анын көп бөлүгү жок. Себеби – түшүнүктүү, жеп кетишкен имиш. Биз менен байланышкан булактын маалыматында, 21 миллион сом акча каражаты ӨКМ министри Н.Мирзахмедовдун көзөмөлүндө 1-вице-премьер Кубатбек Бороновдун кабинетине нак барган имиш. Аны тактоо үчүн Бороновго чалсак, жооп бербеди. ӨКМ башчысы Мирзахмедов мунун баарын “калп” деп айтууда.

Бул маселе боюнча журналисттик иликтөө кийинки санда жарыяланат. Бирок, өкмөттө эл ишеничин саткан, президентти уят кылган кадрлар олтурганы өкүнтөт. Боронов тууралуу дагы көп кызыктар айтылууда. Айтаарыбыз – президент мырза, сизди булар чын эле уят кылып, сатып кетишти. Чара көрүш керек ээ?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: