Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Чүй облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кечээ, 2-июлда облус боюнча 130 м2 имараттын ичи, 28700 м2 имараттын сырты жана 108 миң 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 80 кг хлор жана суюк хлор 795 литр колдонулду.
Иш-чарага 28 куткаруучу тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ