Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда унааларга коюлган чектөө алынды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Эске салсак, Жайыл районунда 2017-жылдын 2-октябрында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда бороон башталып, болжол менен 128-чакырымында унаа жолго кар күрткүсү топтолуп, жол тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Сосновка өткөрмө постунда саат 02:30да баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
2017-жылдын 3-сентябрында саат 12:30да жеңил унаалар үчүн, ал эми саат 13:00до оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ