Жогорку Кеңеш менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына арналган парламенттик сессия өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынан келген 25 бала, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Парламенттик сессиянын жүрүшүндө балдар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирге өздөрүнүн укуктары менен Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин талкуулоодо. Анткени, коомчулуктагы, анын ичинде парламенттеги мындай иштерге катышуусу Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда камтылган жоболор боюнча чечимдердин кабыл алынышына катышуусунун бир мисалы болуп саналат.
Балдардын тобу парламент жыйынына катышып жатканда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков балдардын коом турмушуна катышуусу алардын укуктарынын ишке ашып жатканын бир белгиси экенин баса белгиледи. «Мындан 25 жыл мурун Кыргызстан Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулуу менен өзүнө балдардын укуктарын коргоо милдеттенмесин алган», – деп, ал балдарды коом турмушуна жигердүү катышууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ