Menu

Эл Атамбаевди сагына баштадыбы?

Бөлүшүү:

Соңку ызгаар бийликтин жөндөмсүз экенин, эл жүгүн көтөрө албасын айгинелеп койду. «ТЭЦ 386 миллион долларга жаңыланган» деген сөздүн түйүнү чечилбей, аймактарда электр энергиясы да байма-бай өчүп, үшүгөндөрдүн үнү Кудайга жетти. Бизде -25 градус суук болсо чуу жаралды, а Казакстанда суук -40 градуска жетсе да “кыңк” этишкен жок. 

Кызык, Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден бери мамлекет башкаруусуз калгандай болуп, эл ичинде кооптонуу, келечекке карай ишенимсиз үмүттөр жаралды. Коррупцияга каршы күрөшүү дымып, «жең ичинен иш бүтүргөн» соттордун күнү тууду. Уюшкан кылмыштуу топтордун улам бир башчылары түрмөлөрдөн оңой эле бошоп чыгып атышат. Бизнес, инвестиция долбоорлоруна коркунуч туулду. Ак менен караны ажырата албай калдык. Күч органдарында баштагыдай дух жок, тымпыйып калышкандай…

«Технократтар кыйратат» де­ген жаштардын өкмөтүнүн кадр саясаты катуу сынга кабылып, беш айдан ашса да ырааттуу көрсөткүчтөрүн, стратегиясын аныктай алышкан жок. «Та­за коом», «Кырк кадам» деген сөздөр кооз айтылганы менен реалдуу турмушта жомокко айландыбы? Сапар Исаковдун командасы музду жаргандай жигердүүлүгүн көрсөтө алышпай, тилекке каршы, ар бир тармактарда кризистик жагдайлар жаралып, барган сайын эл ишениминен кетип баратканын толгон токой фактылар менен эсептесек болот. Соңку ТЭЦдеги кризистин кесепети өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз түздү, бирок, баары кожоюнду карап отурушат. Карапайым калктын чыдамы кетүүдө. Ал эми калың шайлоочулар Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунан кандайдыр бир жаңылыктарды күтүп атышат. «Жарк» эткен олуттуу бурулуштарга күбө болобузбу? Качан?.. Жогорку Кеңештин кейпин баарыбыз билебиз, эптеп күн өткөргөн органга айланып калды. «Чала өлгөн жыландай». Эл үчүн кандай жакшылыктарды кылышканы эсиңерде барбы? Соңку убакта «парламент-тарайт» десе коомчулукка майдай жагып атканына ар бирибиз күбөбүз.

Саясый шахматист Атамбаев болсо, кырдаалга баа берип, жазды күтүүдө. Толук кандуу ишенимге арзыбаган бийликтин үч бутагы барган сайын рейтингдерин түшүрүп, анан жаз келгенде элдин нааразычылыгына кабылышат. Исаковдун өкмөтүн кетиреби-кетирбейби, бул жагын экс-президент өзү чечери айныгыс факты. Балким кетирет, же бир канча министрлер кабинетин жаңылап, элдин бугун Жо­горку Кеңешти таратуу менен чыгарабы? Өзүн-өзү таркатуу жолунда 61 депутатты кол койдуруп коюу маселе деле жаратпайт эмеспи. «Жакшы көрүнүп калалы» дешип, курсактарын сылай шымалана шашкандар арбыйт, анүстүнө эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кылмышка шектүүлөр го? Суу ичиндеги кайырмактарга илинип тургандай эле ча­ла жан балыктарды элестетишет. Өйдө тартсаң эле күндөрү бүтүшөт да…

Аныгында, Жогорку Кеңешти таркатып жиберүү кеп эмес бо­луп калды. Маселенин маңызы – КСДПнын кайра жаңылануусунда. Партиянын съезди да улам жылып, тактикалык ыкмаларын тактап атышкандай. Негизинен алганда, Атамбаев жети жылдык ишмердигинен кийин өзгөчө са­ясый брендге айланган. Учурда КСДПнын тизмесине кирүүнү каалаган Кыргызстандагы байларды карап отуруп, эрксизден жылмаясың, образдары – сулуулар өтчү кастингдеги үймөлөктөшкөн «перилердей» эле. Айтор, экс-президенттин көңүлүн табуу, алдыда өтө турган парламенттик шайлоодо депутат болуу кыялдары менен олигархтар «ооруп» калышты. Бирок, КСДП белдүү, элге жүзү жарык талапкерлерди электен өткөрүп, команданы дагы да күчтөндүрүү машакатында болууда. «Сасык байлар» ансыз деле тиешелүү каражаттарын «колдоочулардын үйүр тобу» ка­тары ташташат да, туурабы?

Ошентип, күзгө чейин парла­менттик шайлоонун өтүшүнө жол ачылат. Мөөнөтүн күткөндө эмне? Ансыз да өмүр өтүп атса… Бир эсе быйылкы социалдык, экономикалык оор кырдаалдардан кийин Атамбаевдин саясый бедели көтөрүлөт, элибиздин көпчүлүк катмары эмитен эле аны сагына башташкандай. А 2020-жылды божомолдоо маанисиз. Ыңгайы быйыл келип турат, оппозиция да каражатсыз, дал ушундай башка күчтөр какшып турган маалда КСДПны Атамбаев өзү баштап чыгып аткан соң, албетте, пландалган ийгиликти багындырса болот. Ток этери, азыр дээрлик элитанын баш көтөрбөй калганын эске алсак, ашыкча кыялдануу деле маанисиз.

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: