Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте 2017-жылдын 30-ноябрында “Мамлекеттик тил боюнча улуттук программа билим берүү мекемелеринде: аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.
Иш чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын” жалпы билим берүүчү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги ЖОЖдордо ишке ашуусу ж.б. маселелер тууралуу сөз болот.
Конференция өтүүчү жай: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, башкы окуу имараты, чоң жыйындар залы, Фрунзе кѳчѳсү 547.
Убактысы: 2017-жыл, 30-ноябрь, саат 10:00
Каттоо: 9.30 – 9.55
Байланыш телефондору: 0551 996517 0553653501
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ