Эл көп топтолгон жерлерде, соодо түйүндөрүндө жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 25-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын беткап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу керек.
«Бүгүн, 25-майдан тарта шаар ичиндеги коомдук транспорттор жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан, коомдук жайларда беткап
тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл»
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ