Бүгүн, 2-январда Чүй облустук милициясы кечээ, 1-январдын түнүндө Москва районунун Ак-Суу айылында бир үй бүлөнүн эки мүчөсүн атып өлтүрүп, бирөөсүн жарадар кылып, 100 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кеткен кылмышкерлерди кармады.
Кылмышкерлер Чүй облусунун Аламүдүн районунун жана Бишкектин тургундары: 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., жана 20 жаштагы Д.К. болуп чыкты. Алардын баары азыр тергөө абагына киргизилди.
Кармалгандарды тинтүү учурунда алардын жанынан уурдалган акчанын 93 миң сому табылды. Андан сырткары кылмышка пайдаланылган мылтык менен автоунаа кармалды.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 1-январда, болжол менен саат 04.00.дө Москва районунун Ак-Суу айылында жаңы жыл майрамын майрамдап жаткан үй бүлөгө бетине кара беткап кийген бир нече куралдуу адамдар кол салышып, үйдүн 69 жаштагы ээси К.М.ны, анын 45 жаштагы кызы П.И.ни мылтык менен атып өлтүрүшкөн. Ал эми 45 жаштагы күйөө баласын алкымга аткандыктан катуу жарадар болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер үй ээсинин 100 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кетишкен болучу.
Москва райондук милициясы КР кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” жана “карактоо” беренелери боюнча кылмыш ишин ачып, иликтөөгө киришкен. Бүгүн Чүй облустук милиция менен бирдикте кылмыштын бети ачылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ