Menu

Ширшовдун “кароолчусу” чоң болду

Бөлүшүү:

Кыязы, кадр тандоодогу алешемдиктер токточудай түрү жок. Адахан Мадумаров айткандай: ” мамлекет үчүн эмес, ал мен үчүн иштейт, ал биздин киши” деген саясат такыр эле ашынып бараткандай. “Эмне болсо да өз корообуздан кочкор кошолу” дегендей аракет барган сайын күч алып…

Эсиңиздерде болсо керек, «Дастан» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев камакка алынгандан кийин ТНК жетимсиреп калгандай эле абалда калган. Мындай абал көпчүлүккө байкалбаса да аталган ишканада иштегендер жон тери менен сезип жатышат. (Аны кыязы, Албек Ибрамовго шериктеш болгону үчүн камап коюшту окшойт) “Какаганга муштаган болуп” эми стратегиялык мааниси бар коргоо багытындагы бул ишкананын жетекчилигиндеги жаңы дайындоолор аталган ишкананын эле эмес, көпчүлүк коомчулукту да таң калдырып, ооздорун ачырууда.

Башкармалыктын төрагасы болуп, ӨКМнын мурдагы кызматкери Таалайбек Темиралиев деген дайындалды. Ал ким, не деген кадр болду экен деп ал кишинин таржымалын карап көрсөк эч кандай өндүрүштүк тажрыйбасы жок “кадр” болуп атпайбы? Канткен күндө да буга да түшүнүү менен карап, эми анысына деле макул бололу. Анткени машине куруу тармагында көп жылдар бою иштешкен Васильев менен Ибраимовдон кийин ишкана башчылыгына техникалык билими бар аскер, офицер адамын дайындашыптыр. Бирок ушул эле ишкананын өндүрүш боюнча директорлук кызматына Талантбек Иманов дегендин дайындалышы алда канча түшүнүксүз болуп атпайбы. Иманов мырза 2009-2010- жылдары «Дастанда»… карапайым эле күзөтчү болуп иштептир. Дагы бир “кызматы”- атагы таш жарган коррупционер Алексей Ширшовдун үйүн кайтарган “кароолчу” болгонунда. Мындайда коомчулукка «Дастандын» өндүрүш боюнча директору болгон Имановдун бизнес чөйрөсүндө жетишкен кандайдыр бир ийгиликтери да “белгисиз”. Бирок, Имановдун аты кожоюну Ширшовдун үйүн кайтарып турган кезде 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук боюнча иштерден көрүнө калып атканында. Муну эстеп атканыбыз ошол күзөтчү Иманов убагында, тергөөдө «2010-жылдын 7-апрелинде мен Ширшовдун үйүн кайтаруу боюнча нөөмөттө турган кезде,  болжолу менен саат 16:00дө мага бейтааныш үч эркек келип, алардын талабы боюнча дарбазаны ачып бергенмин. Анан алар короонун ичин бүт кыдырып, кожоюндун кайда экенин сурашты. Эч ким жок экенин билишкен соң мага “бул жерден кетип кал, азыр бир топ адамдар келет да үйдү өрттөшөт” дешти. Бирок мен үйдү таштап кеткен жокмун. Кечки саат 19:30 – 20 ларда 8-10 бейтааныш балдар машине менен келишти да, эч кандай уруксатсыз үйдүн короосуна кирип келишти», – деген көрсөтмө бергенинен улам айтып жатабыз.

“Эл оозунда элек жок” дейт, ошондо мурдагы бакиевчи Ширшовдун үйүнөн ал үйдүн кайтаруучусу Имановдун көзүнчө мародерлер болгон баалуу мүлктөрдү алып чыгып кетишкени жана Иманов өзү көрсөтмө бергендей, бир нече айдан кийин ага Киевге качып кеткен Ширшовдун атасы чалып олигархтын үйүндө «жөн эле» жашап туруусун суранган. Башкача айтканда, “күзөтчүлүк милдетиңди уланта бер” деген. Бул үй-бүлөгө кыязы Иманов абдан жыты сиңишип калса керек?

Ширшов туурасында эки ооз кеп. Апрель ыңкылабына чейин, 2008-жылдан тартып көзөмөл пакеттери мамлекеттин колунда болгон ТНК «Дастан» ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп саналган. Бирок, Ширшов өз «даңкын» энергетика тармагындагы коррупциялык иштеринен улам тапкан. Ал киши убагында энергетика тармагында коррупциялык схеманы кантип түзүү маселелери боюнча кезинде Айдар Акаевге кеңеш берип жүрүп, кийин Максим Бакиевге ыктап, акыры энергетикадагы “Ширшовдук схема” 2010-жылдагы 7-апрель окуясынын жаралышьшын башкы себептеринин бири болгонун элдин баары билет. Азыр да ал түзүп кеткен уурулуктун айла-амалдуу жолдору бүгүнкү күнгө дейре иштеп жатат дешет. Ал эми «Дастанда» Ширшов негизинен «индиялык» торпедалардын окуясы боюнча эсте калган. Жарым -жартылай мыйзамсыз жол менен чогултулган торпедаларды Индиядагы буйрутмачыларга жөнөтүп жиберишкен, бирок завод анын акчасын ошол бойдон алган эмес. (акча жолдо келатып эле кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кеткен…).

Эми ошол Ширшовдун ишенимдүү адамы бүгүн коргоо тармагындагы ишкананын эң бир маанилүү кызматын аркалап отурат. Кызык, аны кайсы сиңирген эмгеги үчүн дайындашты? Шылуун Ширшовдун мурдагы шоопуру жана кароолчусу болуп жүргөн бул немеде жок дегенде жогорку билими бар болду бекен деги?

Таң калып кереги жок, анткени акыркы убактарда эчак унут калган эски каармандар караңгылыктан сойлоп чыгып келишүүдө. Бир туруп, Конгантиевди актап жиберишсе, бир туруп Медет Садыркуловду “унаа кырсыгынан каза тапты” деп бүтүм чыгарып берген немени чоң кызматка дайындап коюшту. Эми болсо, минтип Ширшовдун кулагы кылтыйып чыга келди. Булардын артынан дагы кимиси чыга келээр экен? А балким «канзаада» Максим Бакиевдин өзү болуп жүрбөсүн?

Автор: Руслан Исаев

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: