Menu

Бажыдагы коррупцияны Абылгазиев кантип жоёт?

Бөлүшүү:

Учурда бажыдагы коррупция ар кайсы кызмат адамдарына байланыштырылып ачыкка чыгып жатат. Эгер өкмөт бул көйгөйдү чечпесе, анда өзунүн отставкасына алып келиши белгилүү болуп калды.

Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында өз пландарын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдан тартып коррупция менен аёосуз күрөштүн кезектеги этабы катары – санариптештирүү башталат. Бажы тармагында болуп жаткан процедуралардын баары санариптештирилет.

“Өлкөгө алынып келинген жана чыгарылган ар бир товардын эсеби болот. Көзөмөл өткөрүү посттору заманбап техника менен жабдыла баштады. Учурда постторго 472 видеокамера орнотулду. 5 бажы постуна инспектордук-көзөмөлдөөчү пост орнотулду, бул ЕАЭБдин биринчи шарты болчу, аны аткардык. Мындай постту декабрдын башында Торугартка да ачабыз, ошону менен 3 негизги өлкөлөрдөн товар ташуу жолдоруна күчөтүлгөн көзөмөл орнотулган болот”,- деди премьер-министр.

Эске салсак, “Азаттык” редакциясынын жакында жарыяланган журналисттик иликтөөсү Кыргызстандын бажы тармагындагы тамырлаган коррупциялык схеманы ачыктаган. Негизи эле республикадагы коррупцияга белчесинен баткан тармак катары бажы кызматы аталып келет.

Премьер-министрдин бажы терминалдарын санариптештирүү аркылуу коррупцияны жоюу планы жакшы экен. Эми анын натыйжасын күтө туралы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: