Menu

Эми Өзбекстан жарандары ажылыкка бир гана жолу бара алышат

Бөлүшүү:

2017-жылдан тарта Өзбекстанда эки жолу ажылык сапарга чыгууга тыюу салынды. Мындай жаңы тартиптин киргизилгендиги тууралуу өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-декабрда Ажылык жана умра сапарларын уюштуруу боюнча коомдук кеңеш 2017-жылдан баштап ажылыкка буга чейин таптакыр барбаган адамдарды жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Жаңы тартип өзбек мусулмандары үчүн ажылык уюштурууга жооптуу болгон өкмөттүк чиновниктерге, ошондой эле Мекке менен Мединага кызматтык иш сапар катары барган жумушчуларга тийиштүү болбойт.

Жыл сайын ажылыкка барган өзбекстандыктарды 8 ашпозчу жана 30 дарыгер коштоп барат.

Умра – кичи ажылыкта мусулмандар өз эрки менен каалаган убакытта Мекке жана Медина шаарына барып зыярат кыла алышат. Ажылык болсо мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: