Бүгүн, 29-мартта АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Айбек Хакимов таажывирус пандемиясы боюнча Кыргызстандыктарга социалдык тармактар аркылуу кайрылды.
“Кыргыз өкмөтүнүн өз өлкөсүндө таажывирусунун тарашын токтотуу боюнча кабыл алган чараларына мыкты деген баа берүү керек. Бардык чечимдер өз убагында кабыл алынды.
Ал эми биз жашаган АКШ азыр таажывирусун жуктуруп алгандардын эң көп саны боюнча дүйнөнүн эпицентрине айланып баратат. Кыргызстан жасаган иш-чараларды АКШ мындан эки ай мурун жасаганда болмок.
АКШда таажывирусун жуктуруп алгандардын эң көп бөлүгү Нью-Йоркто турушат. Таажывирусуна чалдыккан бейтаптардын өтө көп экендигине карабай Нью-Йорктун көп тургундары коопсуздук чараларын көңүлгө илбей мурдагыдай эле бейкапар көчөлөрдө жүрүшөт. Бул болсо өтө кейиштүү натыйжаларга алып келүүдө. Кечээ АКШда таажывирустан ар бир 4 мүнөттө бирден киши өлүп жатты.
Ошондуктан бардык кыргызстандыктарды таажывирустун мындан ары таркашын токтотуу боюнча чараларга өтө олуттуу мамиле кылууга жана зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоого чакырам”.
Айбек Хакимов, Нью-Йорк, Бруклин, АКШ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ