Menu

Кара-Суу районунун Жарооз айылындагы турмуш-шарты оор үй-бүлө кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-январда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Жарооз айылында жашаган турмуш шарты оор абалдагы Режапхан Жантөрөеванын үй-бүлөсүнөн кабар алып, азык-түлүк жана акчалай жардамдарын тапшырышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Казыят жамааты менен биргеликте сот аткаруучу Рыскул Зулушев да өз жардамын жеринде тапшырды. Аталган үй-бүлөө мүчөлөрүнүн турмуш-шарты менен таанышуу учурунда Режапхан Жантөрөева кыштын чилдесиндеги оор абалды төмөндөгүчө түшүндүрдү. Режапхан Жантөрөева жалгыз өзү эки кызын чоңойтуп, мектепти бүтөөрү менен күйөөгө узатса аларда турмуштан жолу болбой күйөөлөрү таштап кетишкен. Өзү да, кыздары да эч жерде иштебей учурда эки небереси менен чогуу үйдө отурушат. Неберелерине мамлекет тараптан эч кандай жөлөк пул алышпайт жана кыздарынын никелешүү акт кагаздары жок болгондуктан неберелерине алимент төлөтүү аракетинен майнап чыкпаган. Мындай оор абалга кошул ташыл болуп, учурда араң күн өткөрүп жаткан эки бөлмөлү жер тамынын ар кайсы жеринен пайда болгон жаракалар авариялык абалга дуушар болуп, жашоого кооптуу абалда. Үй-бүлөө мүчөлөрүнүн эч кимиси иштебегендиктен, кыш чилдеде жегенге нан таппай, пияз жеген оор күндөрдү башынан өткөрүп келишкендигин айтып, мындай оор абалда кабар алган Казыят жамаатына ыраазычылык билдирип, колунда бар кайрымдуу адамдардан азык-түлүк жагынан каралашып, үй курууга жардам берем деген жарандарга жагдайды жеткирип коюууну өтүнүштү.

Режапхан Жантөрөевага жардам берем деген жарандар Ош облустук казыяттан толук маалымат алып же  (0779) 184972 номери аркылуу өзүнө түз байлыныша алышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: