Menu

Ат-Башыда логистикалык-соода борбордун курулушу коюлган план менен кетип жатат

Бөлүшүү:

Ушинтип 24-январда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун эли долбоордун үзгүлтүккө туш болуп калышына жол бербөөнү суранышкан экен. Элдин айтымында, “Нарын” эркин экономикалык зонасынын пайда болгону 30 жыл болгон. Ушул аралыкта облуста бир дагы ири долбоор жүзөгө ашкан эмес.

“Облуста ири агрардык чарбалар жок, өнөр жай карманча жокко эсе, жумушсуздук күч. Атайын “жер кытайларга сатылып кетти” деп провакациялык ушактарды таратып, элди акцияларга үгүттөп жаткандардын жетегинде болбошубуз керек”, – деп тургундар айтып жатыптыр.

Аскаров тынчсызданууга негиз жок экенин баса белгилейт.

“Долбоор боюнча бардык иштер план менен кетип жатат. Азыркы тапта электр чордонун курууну макулдашып жатабыз, буюрса, жазында ишке кирип калат. Күн жылыса эле, биринчи объектилер салына баштайт. Анын менен катар Ат-Башы элининен жумушчулар алынып жатканы боюнча жарыя болду”, – дейт өкмөт мүчөсү.

Ал дале болсо элдин арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, логистикалык-соода борбордо иштейм дегендерди дагы ала башташарын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: