Бүгүн, 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу өкүлү Удовиченко Николай Николаевич менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Ефимов Юрий Николаевич менен РФдин ИИМнин Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Лузганов Владимир Николаевич коштоп келишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер талкууланып, пикир алмашышып, андан сырткары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери дагы каралды. Эки тарап тең укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларын жогору баалашып, аны мындан ары дагы өнүктүрүү керектигин билдиришти.
Жолугушуунун аягында Кашкар Жунушалиев эки өлкө ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын укук коргоо органдары ортосундагы профессионалдык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи.
Жолугушуу жылуу, достук жана иштиктүү маанайда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ