Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылып ага 3 475 934 сом которулган. Бул тууралуу кечээ, 29-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлар (бир күндүк эмгек акы) тарабынан акчалар которулган.
Ал эми каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөл кылат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдарынан, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөсү жана тиешелүү кызматтардан бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ