Menu

Гүлзайыр Сагынова, ырчы: Азыр бизде конкуренция күч, ошондуктан сапатка иштеш керек

Бөлүшүү:

Гүлзайыр, ак жоолук салынып турмуш жолуна аттанып, өмүрлүк түгөйүңдүн сүйүктүү жары, бup үйдүн келини болуптурсуң, куттуктайбыз. Барган жериңе көнүп, ата-энеңе чай берип жатасыңбы?

– Куттуктооңуздарга чоң рахмат. Келиндик кызматты жакшы аткарып жатам десем болот. Бирок чынын айтсам жалгыз кыз болуп, ата-энеме эркелеп эрке өскөндүктөн оокатка көп жокмун. Кайын журтум бул нерсеге түшүнүү менен мамиле кылат. Өзгөчө жолдошум мага көп жардам берет, аяп турат. Ушундай жылуу мамиле кылып, түшүнүү менен кабыл алган жакшы адамдарга кантип кызмат кылбай кое аласың. Колумдан келген сыйымды көрсөтүп, жакшы келин болгонго аракет кылуудамын.

– Көпчүлүк чыгармачыл кыздар турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгы аксап калат эмеспи. Сенин чыгармачылыгың кантип жатат?

– Ооба, турмушка чыккандан кийки чыгармачылыгы аксап же такыр эле калып кеткен чыгармачыл адамдарда көп кездешет. Анткени кыз кишиге чыгармачылык чөйрө татаалыраак болот экен. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү милдети ар кимдин эле колунан келе бербейт. Чыгармачылыкты аксатпай улантып кетүү үчүн барган жериңден, жолдошуңдан чоң колдоо керек. Алар колдоп турса чыгармачылык менен иштей аласың, колдоо болбосо оргуштаган талант да көмүскөдө калып, унутулат эмеспи.

– Сага жолдошуң колдоо көрсөтүп жатабы?

– Буюрса, менин чыгармачылыгым өз нугунда улана берет. Ырдаганыма жолдошум да түз көз карашта, ал мени колдоп турат.

– Ырчылыкка аралашууда алдыңа кандай максат койдуң эле?

– Азыркы убакта чыгармачылыкка же шоу-бизнеске дейбизби, атайын максат коюп келгендер жок эмес. Эгер адам чынында таланттуу болсо, ага атайын максат коюунун кереги жок го деп ойлойм. Өзүм жөнүндө айтсам, мен атайын максат коюп келген эмесмин. Тескерисинче, менин максатым башка нерсе эле. Бирок адамдын чымыны болсо, ал акыры бир күнү чыгармачылык аны азгырып кетет экен. Себеби көкүрөктөгү каалоо жан дүйнөгө тынчтык бербейт тура. Музыка менин – жашоом, жан дүйнөмдүн каалоосу.

– Сенин угармандарың комуздун коштоосунда ырдаганыңды жактырышабы же эстрада айкалышкан ырларыңдыбы?

– Ар кандай болот. Күн сайын бирдей аудиторияга ойнобойсуң. Эгер жаш муун болсо албетте, эстрада жаатын жактырышат. Ал эми улуу муунга комуздун коштоосунда ырдасаң жагат. Бирок кандай болгон күндө да, көбүнчө комуз музыкасын пропагандалаганга аракет кылышыбыз керек. Жаштарга улуттук музыкаларды сиңиришибиз зарыл деп ойлойм.

– “Устаттан шакирт ашыптыр” дейт элибизде, сен өз устаттарыңдын үмүтүн актай алдыңбы?

– Ар дайым сыймыктанып айтчу нерсем, улуу залкар устаттардан сабак алганым. Бирок залкардын шакирти болуу дагы өзүнчө жоопкерчилик. «Илгери бир устат шакирт күтүп, ал шакирт өтө кыйын чыгат экен. Элдер шакиртин мактап, устатына салыштырып калышат имиш. Анан шакирти өзүн устатынан өйдө көрө баштаганда, устаты: “Шакиртим, эгер сен өзүңдөй бир шакирт тарбияласаң мага тең болосуң деген экен». Мына ушул икаяда айтылгандай, устаттардын үмүтүн, эмгегин актоо өтө кыйын. Ошондуктан алардын үмүтүн актадым деп айта албайм.

– Сенде үн бар, талант бар, өң бар, эмнеге эл аралык сынактарда намыс талашпайсың?

– Жакшы суроо бердиңиз, бул мага көп берилчү суроолордун бири. Сынак деген адамды чыйралтып, профессионалдык жактан өстүрөт. Негизи аябай өзүмө сын көз караш менен караган адаммын.Ошондуктан азыр эл аралык сынактарга катыша албайм. Жөн эле катышып коюу мен үчүн эмес. Катышкандан кийин жеңишке жетишүү керек, болбосо деңгээли бийик жеңишти ала ала тургандарга орун берүү шарт деп билем. Менин азыркы деңгээлим эл аралык сынактарга жооп бербейт деп ойлойм. Ал үчүн күндөп-түндөп тынбаган көп жылдаган эмгек керек. Алдыда буюрса сынактарга катышуу пландарымда бар. Кудай насип этсе, эл аралык сынактарда кыргыз элимдин желегин желбиретээрмин.

– Алгачкы катышкан сынагың эсиңдеби?

– Албетте мектепте окуп жүргөндө Нарын областында жыл сайын «Жаш таланттар» конкурсу өтүп турат эле. Жыл сайын катышып, ар дайым байге алчу элем. Кийин республикалык конкурстарга катышып жүрдүм.

-Ырчылык кесибиңби?

– Музыка – бул менин жашоом. Кесибим деп да айта албайм. Ырдоо менен жан дүйнөмдү азыктандырам десем болот.

– Ырсыз жашай албайм дегендердин катарында турбайсыңбы?

– Ооба ошондой адаммын. Музыка ар дайым мени менен.

– Өзүң да шакирттерди тарбиялап жаткан турбайсыңбы, бизде таланттуу, эл аралык сынактарда намыс коргой ала турган кыздар-балдар барбы?

– Бул жашоодо “эч качан” деп айтпаш керек экен. Анткени мен эч качан мугалим болбойм деп айтчу элем. Азыр болсо окуучуларым качан сабак болот, качан барабыз деп жанымды койбогон мезгилге келдим. Албетте кыйын, 45 мүнөт сабак өтүп кетип калган башка, ал эми ар бир окуучу менен иштеп өнөр үйрөтүү татаал. Бирок натыйжа көрүп, ар окуучу ушунчалык каалоо, кубаныч менен менен комузда кол ойнотуп жатканын көргөндө өзүмдүн ишиме канааттанып калам. Сыртымдан жумшак көрүнгөнүм менен талапты абдан катуу койгон мугалиммин. А таланттуу кыздар-балдар жөнүндө айтсам, бизден өнөр үзүлбөйт. Бизде мыктылар көп. Азыр биздин музыканттарыбызды карап сүйүнүп калам, анткени баары музыкалык билимге умтулуп, профессионализмин өстүрүп жатышат. Себеби азыр бизде конкуренция күч, ошондуктан сапатка иштеш керек.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: