Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык мигранттарды колдоосу үчүн Россиянын Президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында кыргызстандык мигранттарды колдоосу үчүн Россиянын Президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

«Россияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосунда жарандарыбызга миграциялык жеңилдетүү жана „кара тизмеден“ чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө шарт түзүлдү. Россиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге мүмкүчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Россия менен кызматташуунун бардык багыттарында активдүү динамика байкалып, тыгыз жана ишенимдүү саясий диалог калыптанып, жылдан жылга бекемделип жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: