Баткен шаарынан акыйкат издеп Бишкекке жөө чыккан Сайтраим Абдилатов сайттарга чыгып «хит» болгону маалым. Көңүл сүйүнткөнү, аксакалдын бул кадамына укук коргоо органдары ыкчам реакция кылып, Абдилатовдун маселесин тыкыр көзөмөлгө алуу убадасы менен аны үйүнө кайрыды. Көпчүлүктүн көңүлү чаппаган ИИМдин бул ишин алкап койсок жарашат. Канткен күндө да баланын азабы кыйын эмеспи, аны ар бирибиз түшүнүшүү менен мамиле кылышыбыз керек. Биз дагы аталган иш тыкыр тергелип, арты адилеттүү чечилишин тилейбиз. Ылайым арабызда азап тарткандар аз болсун.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ