Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2015-жылдагы отчету талкууланып жаткан учурда “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров өкмөт мүчөлөрүн көп эзе бербей кетирип жиберип, башка маселелерди дагы карайлы деген сунуш киргизе коюп башка кесиптештеринин каарына калды. “Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулайманов атырыла чыгып: “Өкмөттү аяп, аларга кошомат кылганды токтоткула. Уялбайсыңарбы. Өзү бир жылда бир жолу отчет берсе, ошону дагы толук угуп койгонго чыдабайсыңар. Эгер кошомат кылгыңар келип жатса Жээнбековдун кабинетине барып кошоматыңарды кыла бергиле”, – деди.
Отчетун бергенге жетишпей ээрден шыпырылган экс-премьер Темир Сариевдин жасаган иштерине бүгүн Сооронбай Жээнбеков жарытылуу жооп бере албай, жанындагы министрлеринен “кандай эле” деп кайра-кайра сурап, ала терге түшүп жаткан убагы. Аны көрүп кээ бир депутаттардын боору ооруп кеткен өңдүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ