Menu

Эмомали Рахмон уулуна коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон республиканын антикоррупциялык ведомствосу түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты. Президент акыркы он жылда ИИМде, транспорт, юстиция, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо министрликтеринде, сот, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, УКМКда, жерге орноштуруу, дин иштери боюнча мамлекеттик комитетте, аскер комиссариаттарында, банк секторунда коррупциялык кылмыштардын саны өскөнүнө тынчсызданып, антикоррупциялык ведомствонун жетекчилигине бул илдетке каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү, кадрларды туура тандоону тапшырды. Тажикстандын антикоррупциялык ведомствосунун жетекчиси Рустам Эмомали мамлекет башчысына өлкөдөгү корруп­цияга каршы күрөшүү боюнча пландар, программалар жөнүндө маалымат берип, такай колдоо көрсөткөнү үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

Каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттик 2007-жылы 10-январда түзүлгөн. Бул органдын милдети – корруп­циялык мүнөздөгү укук бузууларга жана кылмыштарга каршы күрөшүү системасын кеңейтүү, мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын кайталоолорду жоюу, көзөмөлдүк-ревизиондук ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыздоо жана жакшыртуу. Агенттик 500 кызматкерден турат (тейлөөчү персоналды кошпогондо), анын ичинде 150сү борбордук аппараттын кызматкерлери.

Антикоррупциялык ведомствонун биринчи директору болуп юстициянын генерал-лейтенанты Шерхан Салимзода дайындалган. 2010-жылы Салимзода Тажикстандын башкы прокурору болуп дайындалган соң, аны Душанбе шаардык милициясынын экс-начальниги Абдуфаттох Гоиб алмаштырган. 2015-жылдын мартында бул кызматка Тажикстандын президентинин уулу Рустам Эмомали дайындалган.

Булак: CA-NEWS

котормосу: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: