Menu

Артур Медетбеков, генерал: “Терроризм менен чогуу чаран күрөшүп, укук коргоо кызматына кол кабыш кылышыбыз зарыл”

Бөлүшүү:

-Артур мырза, Тажикстандын чек арачыларына Ислам мамлекети тобу кол салды деген кабар тарады. Бул маалымат кооптуу жагдайдан кабар бербейби?

-6-ноябрда Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Иш-кобод» чек ара бекетине Ислам мамлекети деген террористтик топ кол салганы айтылып, эл аралык деңгээлдеги терроризм коркунучу иш жүзүнө аша баштады. Бирок, бул жерде ойго салган да жагдайлар бар. Айтайын дегеним, аталган террористтик топ Афганистандан Тажикстандын Хатлон облусу аркылуу кантип өтүп келишкени таңгалыштуу болуп атат. Алар 2 күндүн ичинде чек арага келип, чек арачылардан 5 автоматты тартып алып, 15и каза болуп, экөө колго түшкөн. Бул жагдай Тажикстанда экстремисттердин уктап жаткан ячейкалары бар экенин далилдейт. Ошондой эле Тажикстандын президенти чет мамлекетте иш сапар менен жүргөндө мындай окуянын орун алышы чек арачылар чек араны жакшы кайтарышкан эмес же алардын арасында аларга тымызын жардам берип жүргөн адамдар да болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Себеби, террористтердин негизги башчылары Тажикстандын жарандары. Анын бири мурдагы Тажикстандын атайын кызматынын полковниги Халимов Гулмурод. Ал Афганистандын Кундуз провинциясында башчы болуп жүрөт. Ошон үчүн чек арачылардын арасында дагы аларга кызмат кылгандар барбы деген ойго жаралууда.

-Тажикстандагы жагдай Кыргызстанда кайталанып калышы мүмкүн деп кооптонбосок болобу? Андай коркунуч жокпу?

-Тажикстандагыдай жагдай Кыргызстанда болбойт. Биздин чек ара Афганистан менен
чектешпейт. Бул биринчиси. Экинчиси, Кыргызстан менен Тажикстандын, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда дагы чек ара бар. Үчүнчүсү, Өзбекстандагы Кыргызстандагы чек арачылар кызматтарга чоң жоопкерчилик менен дайындалууда. Ушул жагдайларды эске алсак, кооптонбой эле койсок болот. Бирок, канткен күндө да биз бир нерсени унутпашыбыз Керек. Коркунуч жок дебей терроризм менен чогуу чаран күрөшүп, укук коргоо кызматына кол кабыш кылышыбыз зарыл. Анткени, Кыргызстанда дагы террористтик уктап жаткан ячейкалар жана аларга жан тартып, тымызын колдоо көрсөткөндөр болушу мүмкүн. Ошондой эле 2015,2016,2017-жылдары 2 же 5 кишиден болгон топ аркылуу Кыргызстанга да кол салууга, жардыруу уюштурууга аракет жасашкан учурлар катталган. Кыргызстан да Сирияга кеткен, Афганистанда жүргөн жарандардан куру эмес. Алардын так саны айтылбаганы менен болжол менен 1000ге чукул экени маалым.

Укук коргоо органдары бул багытта катуу иштеп, Тажикстан менен Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышып, маалыматтарды алмашуусу керек.

Ошондой эле кандайдыр бир жагдай жаралып кетсе, укук коргоо органдары дайым даяр болушу кажет.

-Ислам Мамлекети уюмунун башчысы өлтүрүлдү деген маалымат тарап жатат. Эгер ал маалымат чын болсо, террористтердин иши солгундашы мумкүнбү?

-Ислам мамлекети деген террористтик уюмдун башчысы Халиф Ибрагим өлдү деген АКШнын атайын кызматынын жана Ислам мамлекетинин билдирүүсү бар. Бирок анын өлтүрүлгөнү же сөөгү эч жерде көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле бул маалыматты Россиянын, Сирия, Түркиянын атайын кызматтары да бышыктаган жок. Ошол жагын эске алганда, бул маалымат күмөн жаратат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, Халиф Ибрагимдин өлтүрүлгөнү чын болсо, аны өлтүргөндөрдөн өч алабыз же террористтик иштерди жасайбыз, согуш ачабыз деши да мүмкүн. Анткени, анын ордуна Аль Хашим деген жаңы башчы шайлашыптыр деген маалыматтар бар. Ал башчы ишти кандай багытта алып барары азырынча белгисиз.

-Мындай уюмдарды кайсы бир мамлекетти эсептештирип, саясий упай топтогусу келгендер түзөрү айтылып келет. Ислам мамлекети деген террористтик топту бир саясатчы же ири державалар түзгөнбү? Же өз алдынча түзүлгөнбү?

– Ислам мамлекети деген уюмдун башчысы 2004-2005-жылы түрмөдө отурган. Ага америкалыктар көз салып турушкан. Бирок, ал белгисиз себептер менен түрмөдөн чыгып, Ислам мамлекети деген топтун башчысы болуп калды. Бүгүнкү күндө кээ бир мамлекеттер эл аралык деңгээлдеги саясатчылар экстремисггик топторду түзүп, ошондон саясат жасап же саясий упай алууга умтулган учурлар да жок эмес. Ошондой эле Сирияда окуялардын саясий эле эмес геостратегиялык жана геоэкономикалык жагын да эске алышыбыз керек. Айтайын дегеним, согуш болуп жатса да, ал мамлекет аркылуу газ, нефт чыгып, жакын өлкөлөргө сатылып турду. Башкача айтканда, мунун артында чоң державалардын геосаясий, геостратегиялык, геоэкономикалык кызыкчылыктары да бар экенин эске салды.

-Дүйнө коомчулугунун жүрөгүнүн үшүн алган экстремисттик жана террористик уюмдарга жаштарды азгырылуудан сактап калуунун жолу барбы?

-Бар. Ал үчүн жаштарга ислам дининен кабары барлар муфтият жана динди жакшы талдагандар жаштарга үлгү көрсөтүп, талкууларды уюштуруп террористтердин аракети туура эмес экенин түшүндүрүшү керек. Мамлекет ички жана сырткы коркунучтарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарга эле таянбасын патриоттук идеясы бар жарандарга, коомчулуктун жардамына муктаж экенин унутпайлы. Анткени, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө террористтик, экстремисттик эл аралык деңгээлдеги потенциалдуу коркунуч бар. Дүрбөлөңгө түшпөй укук коргоо органдарына жардам беришибиз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: