Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистан Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында мындан ары дагы өз ара аракеттешүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну  мындан ары дагы тереңдетүүгө кызыкдарлыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: