Menu

Фото – Аксы районунун Сыны айылындагы орто мектептин жаңы эле бүткөн спорт залы сапатсыз курулган

Бөлүшүү:

Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Сыны айылындагы Алишер Молдокеев атындагы №3 орто мектептин спорт залы сапатсыз курулуп бүткөрүлгөн. Мектептин спорт залынын курулушу КРнын Президентинин демилгеси жана колдоосу менен башталган эле. Спорт залынын кейиштүү абалына Аксы районуна расмий иш сапары менен барган өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жеринде өзү күбө болду. Аталган мектептин спорт залынын курулушун атайын жүргүзүлгөн тендердин негизинде “Фаиз” ЖЧКсы жеңип алган. Жалпы жонунан 14 млн. сом жумшалган мектептин спорт залынын полу эки жолу алмаштырылгандыгына карабай дагы деле тегиз кагылган эмес жана талапка такыр жооп бербейт. Спорт залынын шыбында суу тамчылары салаңдап, тамчылар дене тарбия сабагын өтүп жатышкан окуучулардын башына тамчылап, анын ичин тегиз нымдуулук каптап турат. Спорт залдын курулушун жүргүзгөн куруучулар анын ичиндеги абаны тазалап алмаштырып туруусу үчүн 2 вентилятор коюшкан. Бирок, анын күчү жетишпей спорт залдын шыбында тамчылар салаңдап, ашыкча нымдуулуктан улам спорт залдын шыбы ала-убал тартып, карара баштаган.

Кече, 18-январда аталган мектептин спорт залынын азыркы кейиштүү абалын жеринде көргөн өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы Батыркул Шабдановго, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбекке жана Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармасынын башчысынын орун басары Мелис Мусакуловго катуу тапшырма берди.

-Спорт залды толук сапаттуу бүткөрүлдү деп мамлекеттик кабыл алуу актысы жөнүндө сөз болушу дегеле мүмкүн эмес. Анын курулушун жүргүзгөн курулуш уюму кетирилген кемчилдиктерди толук сапаттуу оңдоп бүткөрүүсү тийиш. Жалпысынан 14 млн. сом жумшалган спорт залдын абалы мындай кейиштүү болбосу керек болчу,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Сапатсыз жана шашылыш бүткөрүлгөн мектептин спорт залында азыркы мезгилде окуучулар дене тарбия сабагын өтүүгө аргасыз болуп жатышат. Алишер Молдокеев атындагы №3 орто мектепте азыркы мезгилде 595 окуучулар билим алып жатышат жана аларга 38 мугалимдер таалим-тарбия берип жатышат.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: