Жогорку Кеңещ 17-майда “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберген. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар бар.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ”Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. “Кыргызтест” лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерлерден экзамен алуу системасы эскиргенин, андыктан мамлекеттик тил боюнча сынагын “Кыргызтест” системасы аркылуу жүрүшүн колдой турганын айтты. Ал эми БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтсө, шайлоочулар сынакты түз эфир аркылуу көрө албай калаарын кошумчалады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ