Өткөн жумадагы форумда экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президент Алмазбек Атамбаевдин эл аддында отчет берүүсүнө кызыгып, олуттуу кебин ортого салды. Башкалардын оюна келбеген мындай демилгени колдогондор да көп болууда. Ошол эле учурда бийлик короосундагы айрым жагымпоз чиновниктердин кыжыры келгени байкалды. Аныгында, Жекшенкулов туура позицияны карманганы коомчулукта талкууланууда. Ал эми айрым маалыматтар боюнча, президент Атамбаев мөөнөтү бүткөнчө отчет берип, эл менен жакшынакай коштошуп кете турганы болжонууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ