Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын кезексиӊ жыйынында депутат Руслан Казакбаев фракциянын лидерлигине шайланды. Бул тууралуу фракциянын өкүлү парламент жыйынында жарыя кылды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, «Республика – Ата-Журт» фракциясы буга чейин мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктарын өз каалоосу боюнча токтотуу өтүнүчүн канааттандырган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ