Menu

2018-жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралган

Бөлүшүү:

“Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158млрд 398,1 млн сом көлөмүндө же ИДПга карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонот. Номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди”, – деп маалымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

2018-жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 142 млрд 581 млн сом көлүндө каралганы же ИДПга карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-2020-жылдарда республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 129 млн сомду жана 144 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.

Андан тышкары, республикалык бюджеттин тартыштыгы 2018-жылга 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: