«Орусия экспорт борбору» Өзбекстан өкмөтү менен бирге өзөктүк электростанция курууга каражат бөлүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар борбордун Өзбекстандыгы өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Прохоренкого шилтеме жасоо менен билдиришүүдө.
«Бул маселе талкууланууда. Биздин максат – товар жана кызматтардын экспортун, анын ичинде жогорку технология экспортун колдоо болуп эсептелет. Биз, албетте, өтө кызыктуу жана приоритеттүү долбоор катары АЭС курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карайбыз», – деди Прохоренко «Expo-Russia Uzbekistan 2018» өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндө.
Өзбекстан президенти өткөн аптанын соңунда Орусия менен аймактагы биринчи өзөктүк электростанцияны куруу жөнүндө келишимге жылдын соңуна чейин кол коюларын билдирген.
Орусия Өзбекстанга «3+» ВВЭР-1200 муунундагы заманбап эки блоктон турган станция курууну сунуштоодо. «Росатом» буга окшош долбоорду Бангладеште салууда, анын наркы 13 миллиард долларга бааланган. 11,3 миллиард долларын Орусия мамлекеттик экспорттук насыя катары бөлгөн.
Москва Ташкентке долбоорду каржылоонун бир нече варианттарын сунуштоодо. 2017-жылдын соңунда Өзбекстан жана Орусия өкмөттөрү өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ