Menu

Тажикстанда көрүстөндөгү вандализм учурлары көбөйдү

Бөлүшүү:

Хатлон облусунун Яван районундагы христиандардын көрүстөндөрүнөн металл кресттерди, тосмолорду жана эстеликтерди уурдап кетүү фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү христиандар коому билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, уурулар крест жана темир тосмолорду металлоломго өткөрүшөт. Яван районунун тургуну Алексей Черковдун айтымында, бир килограмм темирдин баасы 1-5 сомони (0,3-0,5 доллар) турат. “Биздин коом мүрзөлөрдү карап, жаңы кресттерди жана темир тосмолорду орнотууда, себеби эскилерин уурдап кетишип, металлоломго өткөрүшүүдө”, -деди ал.

Жергиликтүү христиандар коомунун башчысы Вера Тимофеева акыркы айларда райондогу эки көрүстөндөн 50дөн ашуун металл крестт уурдалганын айтты. “Мурдараак уурулар мугалимимдин бейитин темир тосмосуз калтырышыптыр. Алар апамдын мүрзөсүнүн тосмолорун дагы алып кетүүгө аракет кылышкан, бирок күчтөрү жеткен эмес. Менимче, бул балдардын шоктугу эмес, чоңдордун колунан келген нерсе”, -деди Вера Тимофеева.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик христиан көрүстөндөрүн кайтарууга көмөктөшүүнү убадалаган, бирок уурулук токтой элек.

2015-жылдын соңунда Фархор районунда белгисиз кишилер христиандар көрүстөнүндөгү 4 минден ашуун эстеликти талкалап кетишкен. Кылмыштын бети ачылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: