Menu

Фетхуллах Гүлен: “Эрдоган өзүнө баш ийбегендин баарына “аллергиясы” бар”

Бөлүшүү:

Фетхуллах Гүлен Түркиядагы төӊкөрүштүк аракетти иликтөө үчүн эл аралык атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Ал “Чындыгында ушундай талап болсо эл аралык атайын комиссия бул маселени иликтөөгө алсын. Иликтөөнүн натыйжасында чыккан жыйынтык кандай болсо болсун мен ыраазымын. Жыйынтыкты мен кабыл алам. Жалган болсо дагы, кээ бир адамдарга акча берилип жалган жерден документтерге кол койдурулса дагы мен ыраазы болом”,- деди Ф.Гүлен.

Ал ошондой эле “Эрдоган өзүнө баш ийбегендин баарына “аллергиясы” бар” деп белгиледи. Президент Эрдогандын “Төнкөрүш биз үчүн Алланын бир тартуусу, сыймыгы болду” деген сөзүн жүйө келтирген Ф. Гүлен: “Өздөрү да айтып чыгышты: “Ишибиз жеӊилдеди. Кандай болгондо да бул ишке ысымы аралашкандын баарын эми каалагандай кызматтан бошото алабыз. Башкы штаптын башчысы болсун, куралдуу күчтөрдүн башчысы болсун, эч кимден эч нерсе сураштын эми кереги жок” дешти.  Кызмат кыймылына каршы жүргүзүлүп жаткан “тымызын тузакты” легитимдештирүү үчүн мына ушундай сценарийди ойлоп табышы мүмкүн. Балким биздин тараптарыбыз сыяктуу көрүнгөн, өкүмөткө жакын бирөөсү үч-беш офицерди курмандыкка чалып мына ушундай киносценарий сыяктуу бир нерсе кылды” деп айтты. Болуп жаткан процесстин логикалуу эч кандай түшүндүрмөсүнүн болбогонун белгилеген Ф. Гүлен буларды кошумчалады: “Жасаган нерселеринин логикасы жок. Театр сыяктуу бир нерсе. Эч кимди ичкериге киргизишпеди. Болгону бир жерде турушту, бир эки кыйратууну жасашты, балким кээ бир адамдарды кыйнашты. Буга чейин 27-май, 12-март, 12-сентябрь окуялары болду. Төӊкөрүш андай болбойт. Дүйнөдө да төӊкөрүштөр андай болбойт. Балким бул бир сценарий эле”.

Президент Эрдоган өзүнө баш ийбеген Кызмат кыймылына каршы узак убакыттан бери  кек сактагандыгына токтолуп “Балким ичиндеги айрым сезимдерин мурун жашырып келген” деди. Кызмат кыймылынын дүйнөнүн 170 өлкөсүндө билим берүү жана маданий борборлорун ачканын белгилеген Ф. Гүлен, “Өздөрү 14-15 жерде Юнус Эмре маданий борборлорун ачууга аракет кылышты, анысы да ийгиликтүү болбоду. Дүйнөнүн туш тарабына таралган олимпиадалар, аларды тынчсыздандырды” деп айтты.

Фетхуллах Гүлен, өзүнө карата симпатиядагы адамдардын төӊкөрүштүк аракетке аралашкан болушу мүмкүн экендигине байланыштуу болсо, “Сизге карата симпатиядагы адамдар сизден сурабай, кеӊешпей бир жерде эгер бир туура эмес иш кылып жатса, алар өздөрү байкабай бул ишке кыянаттык кылып жаткан болот” деди. Ал ким болгондугун байкабай төӊкөрүштүк аракетте киришкен адамдар Түркиянын биримдигине, ынтымагына зыян тийгизип, коомду бөлүп жатканын айтты. Ал мындай аракеттерди “Түздөн-түз элибизге каршы, коомду бөлуп жарууга кызыктар бир кыянаттык катары эсептеймин. Эч качан колдобоймун” деди.

ДЕМОКРАТИЯДАН АРТКА ЧЕГИНҮҮГӨ БОЛБОЙТ

Мындан 20 жыл мурун “Демократиядан артка чегинүүгө болбойт. Республика артка кайтууга болбой турган реалдуулук” деп айтканын эскерткен Ф. Гүлен, бүгүн өзүнө каршы, өкүмөткө жакын басма сөз органдарынын ошол мезгилде дагы бул сөздөрүнөн улам өзүн катуу түрдө сындаганын белгиледи.

ТҮРКИЯГА КАЙТАРЫЛУУ МАСЕЛЕСИНДЕ КООПТОНБОЙМУН

Ф. Гүлен Түркияга кайтарылууга байланыштуу кооптонбогонун айтты. Бир журналисттин темага байланыштуу суроосуна ал “Мен акыркы күндөрүмдү жашап жаткан чагым, түрмөдө өлсөм да, сыртта өлсөм да акыреттик пайдага жетүүдөн, Жаратканымдын ыразычылыгына жетүүдөн башка эч кандай мүдөөм болгон жок. Бул дүйнөдө бир даана да тигилген ташым жок, бул жерде да ижара акы төлөп жашап жатам. Ошондуктан бул маселеде мен эч кандай кооптонбоймун. Алар абдан катуу талап кылып жатышат, мен кааласам өз ыктыярым менен деле барам. Бирок өтө көп ооруларым бар, доктурдун текшерүүсүндө өмүр кечирүүдөмүн. Күн сайын 40 даана даары ичип жатам. Жашап жаткан жеримден ыраазымын бирок алар зордоп күч менен алып барышса буга дагы мойнубуз кылдан ичке. Бирок менден бир нерсе табышарына ишенбейм. Мурун-кийин айтылган куру-жалаалар сыяктуу, азыркы айткандары да куру-жалаалардан турат. Жогоруда айтканымдай, бирөөлөр алдыларына калем-кагаз коюшуп, сен ушул жерге кол койсоӊ сени ушул жерге алып келебиз деген сыяктуу кементелери бар мунун” деген түрдө жооп берди.

ШАШЫЛЫШ БҮТҮМ ЧЫГАРБАГЫЛА, УБАКЫТ ӨТӨ МААНИЛҮҮ ТАРАЗА

Ф. Гүлен алар тууралуу айтылгандарга “шашылыш бүтүм чыгарбоону, аша-чаап кетпөөнү” кеӊеш берди. “Бир тарапта бирөөлөргө шылтоо бар, кимдир бирөөлөрдүн тынчсыздануулары бар, экинчи тарапта кээ бир жабыркоого дуушар болуп, терс жалган-жалаа менен эзилгендер бар, мен ашыкча көбүртүп-жапыртуудан сактанууну каалар элем. Шашылыш бүтүм чыгарышпасын, убакыт өтө маанилүү тараза. Убакыттын маселени таразалашына калтырышсын. Алла эртели-кеч чындыкты ортого чыгарат, баары эмне керек экенин көрүшөт, теӊ салмактуулук бузулбасын, бир топ бөлунүп-жарылуу болуп кетти. Түрк коомунда мунун калыбына келтирүү үчүн өтө чоӊ кайрат, мээнет талап кылынат, коом реаблитация болууну талап кылат. Ошондуктан жаӊыдан жара пайда кылуу туура эмес, коомдун биримдиги, менин оюмча анын корголуусу, ал үчүн зарыл болгон нерселер жасалышы керек” деп айтты.

АКЫРКЫ ОКУЯ ДАГЫ ӨТҮП КЕТЭЭР

Ф. Гүлен өзүнө симпатия менен караган, жакшы көргөн адамдарга дагы кайрылды. Буга чейин көптөгөн ызы-чууларды баштан өткөрүшкөнүнө көӊүлдү бурган Ф. Гүлен “Балким бизди жакшы көргөн адамдар бар, буга чейин көптөгөн ызы-чууларды баштан өткөрдүк, мен 27-май окуясында аскердик кызматта болбогон бир имам болчумун, ошого карабастан кармалдым, бирок бүгүнкүдөй акаарат көргөн эмесмин. 12-март окуясында жоокерлер тарабынан төӊкөрүш болду. Кайрадан камалдым, бирок бүгүнкүдөй кордолгон эмесмин. 12-сентябрь окуясында 6 жыл сыртта жүрдүм. Маркум Тургут Өзал өзү киришкенден кийин, ал кезде өкмөт башчысы болчу, артымдан көзөмөлдөө иши токтотулду. Мындай чабуулга канча жолу дуушар болдум. 28-февраль окуясында мына ушул жерге келерден мурун, мен ооруканага келген болчумун, бирок ошол учурда дагы ызы-чуулар болуп жаткан. Бул жерге келгенимде июнь окуялары болду. Канча ирет муну баштан өткөргөндүгүм үчүн көндүм сыяктуу бир нерсе бар, тагдыр ушундай экен, ошондой эле алар ал темада бул маселени кандай даражада ойлонушат, ишенишет билалбайм, бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, балээнин эӊ оору, эӊ кыйыны пайгамбарларга, андан кийин жакындарына келет, даражасына жараша келет. Мен үмүт кылам, бир ишке өзүн арнаган достор дүйнөнүн 170 өлкөсүндө дүйнөлүк бир туугандыкты, бүткүл дүйнөлүк ишеним баалуулуктарынын айланасында маанилүү иштерди жасашты, бирок эми мындан ары колдорун суутпас, бараткан жолдорун улантышар. Мындай бороон-чапкын, ызы-чууларда алсырашпас, буга чейинки келгендер келип тарых болгондой эле  бул акыркы окуя дагы өтүп кетээр жана тарыхка айланар кудай буюрса” деп айтты.

“ТӨҢКӨРҮШТҮК АРАКЕТКЕ НААЛАТ АЙТАМ” 

Фетхуллах Гүлен төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген ал “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.

Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Түркияда башталган аскердик төңкөрүштүк аракетти өтө катуу түрдө сындаймын. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылууга тийиш. Түркия, түрк калкы жана ушул таптагы Түркиядагы жарандардын баарына дуба кылып жатам. Бул көйгөйдүн өтө тез арада тынчтык жолу менен чечилүүсүн Мээримдүү Алладан жалбарып суранам.

Акыркы 50 жылдан бери болуп келаткан бардык аскердик төңкөрүштүн азабын тарткан адам катары мындай аракетке байланыштырылышым да өтө өкүнүчтүү. Мындай куру дооматты, жалааны ачык-айкын, эрктүү түрдө жалган жана туура эмес деп эсептеймин”.

Булак: aktıfhaber.com

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: