Алмазбек Атамбаев “Азия МIХ” тобун Орусияда өткөн “Голосящий КиВиН 2016” музыкалык фестивалындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев “Азия МIХ” тобу өзгөчө өнөрү, талыкпаган эмгеги менен эл аралык деңгээлдеги КВНчилерге айланганын белгилеп, алардын кыргыз маданиятына кошон салымы зор экендигин айтты.
Фестиваль 17-июлда Орусиянын Калининград облусунун Светлогорск шаарында өткөн. Быйыл ага 23 команда катышып, баш байгени жана 400 миң рублди “Азия MIX” тобу утуп алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ