Menu

Камчыбек Ташиев: “Эсиңе кел Каптагаев! Мага катылгандар оңбой калчу эле”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Камчыбек Ташиев таажывирус аныкталган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына оор күндөрдө жардам көрсөтүп, 20 миң даана медициналык бет кап жана карантинге алынган айылдарга нан жеткизген.

Мындай кийин Эмилбек Каптагаев Сузакка барган Камчыбек Ташиевди жана башкаларды карантинге алынышы керек деп жазып чыкты.

Экс-депутат Ташиев баш болгон топ Сузакта бет кап таркатып жүрүшөт, Жаратканга жаккан иш, ыраазы болсун дейли. Бирок, эми чукул кырдаалдын шарты боюнча Ташиев жана башкалар сөзсүз түрдө карантинге жаткырылууга тийиш, бул зарыл шарт!!!” – деп жазган Эмилбек Каптагаев.

Камчыбек Ташиев Эмилбек Каптагаевге жооп кылып, төмөндөгүдөй пост жазган.

“19-мартта Сузак районунун бир канча айылдарында, Жалал Абад шаарында жана короновирус катталган Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн территориясында бет каптарды таркаттык жана карантинге алынган айылдарга нан жеткизилип берилди. Бет каптарды өзүбүз таркаттык, ал эми нан азыктарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөзүп бердик. Карантинге алынган айылдарга эч ким киргизилген жок жана укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлгө алынган.

Ал эми Каптагаев айтыптыр Ташиевди карантинге жаткызыш керек деп. Каптагаев өзү билет бекен карантинге кимдер, кайсыл учурда жатыш керек, кандай коопсуздук каралган ж.б. Же мурдагыдай эле Отунбаева, Атамбаев маалындагыдай чагымчылдык кылып жүрө береби? Элибиз кыйналып турганда баарыбыз биригип аракет кылып жатсак, бул болсо кабинетинен чыга албастан өзүнүн караөзгөйлүгүн дагын баштады. Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!

Урматтуу эл журт, бүгүнкү абалдан чыгуунун эн негизги шарты – бул мамлекеттик бийлик органдарынын ушул илдетке байланыштуу койгон шарттарын, тартиптерин кынтыксыз аткаруу. Буюруса, баары жакшы болот!” – дейт Камчыбек Ташиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: