Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жарандын сотко мүлктүк доо боюнча кайрылуусундагы мамлекеттик алымдардын жогорку чегин аныктоого багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев.
Демилгечи мыйзам долбоору Россиянын тажрыйбасына таянуу менен иштелип чыкканын, ошондон улам жарандын сотко мүлктүк доо боюнча кайрылуусундагы мамлекеттик алымдардын жогорку чегин 60 миң сом өлчөмүндө аныктоо керектигин белгиледи. «Канча нарктагы мүлктүк доо коюлбасын, мамлекеттик алым 60 миң сомдон ашпоого тийиш. Анткени, баардык жарандарда бирдей материалдык мүмкүнчүлүк жок», – деди ал.
Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун кийинкиге калтырып, адегенде айрым жоболорду Өкмөт менен такташып алуу сунушун берди, бирок талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимине келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ