Menu

Арстанбап айылында кыздар үчүн жайкы лагерь иштей баштады

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 18-июль күнүнөн баштап «Аялдардын ден-соолугу,  укуктары жана мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтүү» аттуу кыздар үчүн жайкы лагерь башталды. Жайкы лагерге Жалал-Абад, Баткен областынан жалпысы  кырк кыз катышууда  жана иш –чара беш күнгө созулуп, 2016-жылдын 23-июль күнү жыйынтыкталмакчы. Бул долбоорду   “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фонду ишке ашырууда, ал эми долбоорду Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунун негизинде АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенствосу (USAID), Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин каржылоосунун негизинде  (DFID)  жана  Ист-Вест Менеджмент Институтунун (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Беш күн аралыгында кыздар үчүн лагерде лидерлик сапат, ыртыярчылык,  гендердик теӊчилик жана укуктары, долбоорлорду жазуунун ыкмалары, билим берүүчү гранттарды кантип табуу, толтуруу ж.б багыт берүүчү тренингдер өтүлмөкчү. Андан сырткары тренерлик, интерактивдик окутуунун техникалары, сергек жашоонун образдарын үйрөнүү, зордук-зомбулук жана ага каршы күрөшүү, репродуктивдүү ден-сооолук ж.б темаларда окуп, билим алышмакчы. Лагердин жүрүшүндө кыздар үчүн спорттук оюндар, практикалык иш көнүмдөр жана жаштар кечелери уюштурулмакчы.

Лагердин соӊунда  кыздардын, тренерлердин жана эксперттердин катышуусунда тегерек стол уюштурулуп, лагердин катышуучулары  алган билимдерди жер-жерлерде жайылтуу жана жогорудагы багыттарда бирдиктуу бир пландын негизинде иш – чараларды уюштурууну талкуулашмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: