Menu

Өмүрбек Бабанов менен Зарылбек Рысалиев эмнеге кагыша кетишти?

Бөлүшүү:

“Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен анын партиялаш агасы, экс-министр Зарылбек Рысалиев катуу кагыша кетишкени белгилүү болду.

Бабанов депутат Руслан Казакбаевдин өздүк бир майрамы менен куттуктаганы анын кабинетине кире калса ал жерде Зарылбек Рысалиев баштаган 5 депутаттыкка кандидат партиялаштары олтурушуптур.  Алар шайлоодо “Республика-Атажуртка” жакшы добуш алып беришип, бирок, добуш алалбаган болсо да тизмеде алдыда туруп, депутат болуп алышкандар качан мандатын тапшырат деп күтүп жүргөн бечералар экен. “Тигилерди качан кетиресин? Биз качан депутат болобуз? Сөзүңө турбайсыңы!” деген кер-мур сөздөр чыгат.

“Русландын кабинети тар экен, жүргүлө менин кабинетиме” деп Бабанов аларды өзүнүн кабинетине чакырат. Анын кабинетине киришкенде столдун үстүнө кымбат баалуу ичимдиктер менен закускелер жайнап, меймандостугун көрсөтөт. Бирок, экс-министр, генерал Зарыл Рысалиев эмнегедир маанайы суз болуп, кире бериштеги креслого олтурган бойдон турбай, дасторкон жайылган чоң столго келип кошулбай коёт. Бабанов аны эки-үч жолу дасторконго чакырса да “мага ушул жер болот” деп кире бериштен козголбойт. Акырында ачуусу келген Бабановдун оозунан кокустан уят сөз чыгып кетет “Бля…ь, өт дегенде өтпөйсүңбү!” Ошондо гана генерал Рысалиев ачуусунан атырылып туруп “Ким бля..ь?” деп Бабановго жулунат. Экөөсү оозго алгыс сөздөр менен айтышып,  чабыша кетишерде арага түшкөн партиялаштары аларды араң токтотуп калышат. Ошондон бери Бабанов менен Зарыл Рысалиевдин арасын ала мышык аттап, мурункудай жакын болбой калышыптыр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: