Menu

№92-лицейдин жетекчиси ур-токмокко кабылып, кызматтан мыйзамсыз алынган

Бөлүшүү:

Бишкектеги №92-лицейдин жетекчиси Динара Аширова ур-токмокко алынып, анын колу сынган. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, лицейдин мурунку стажеру Залкар Кыдыков аны мугалимдер жана студенттердин көзүнчө токмоктогон.

«Мен үйдө болчумун, жумушка чакырышты. Лицейден мурун бизде стажер болуп жүргөн Залкар Кыдыков менен кезиктим. Биз кайым айтыша кетип, ал мени ура баштады. Жамаат милиция чакырды. Ал жерде менин арызым бар. Азыр мен ооруканада дарылануудамын», – деди Динара Аширова.

Лицейдин эмгек жамаатынын айтымында,  Залкар Кыдыков Баштапкы жана кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Таалайбек Чолпонкулов менен достук мамиледе турат.

«Ад лицейде да, агенттикте да эч кандай кызматты ээлебейт.  Баардык кесиптик лицейлерде аны чуулганду, провакациялык адам катары билишет. Ал эмгек жамаатын бөлүп, кандайдыр бир териштирүүлөрдү чыгара берет»,- деп билдирди лицейдин эмгек жамааты.

Динара Ашированын айтымында, ал 31-январда ооруканада жатканда Таалайбек Чолпонкулов аны кызматтан бошотуп жиберген.

«Ал мени кызматтан мыйзамсыз кетирди. Былтыркы жылдан бери эле кетире албай келет. Бизге текшерүүлөрдү жөнөтүп, мага сөгүш жарыялап келет. Менин ордума талапкер бар экендигин өзү билдирген. Менин бир телеканалга берген маегим ага күтүүсүз болгон окшойт, ал ачууланып, куугунтуктоону күчөттү»,- дейт Динара Аширова.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: