Menu

Бакыт Бакетаев, политолог: «Бүгүнкү тергөө Атамбаевге барып такалып, сотто далилдери такталса, сөзсүз түрдө Атамбаев дагы күздө камалат»

Бөлүшүү:

— Бакыт байке, экс-президент Алмазбек Атамбаевди аябай мактап жүрдүңүз эле, ал мезгилдеги коррупциялык иштер ачыкка чыккандан кийин кандай позицияда жүрөсүз?

— Мен Атамбаевдин жол курганын, Датка-Кеминди салганын, Бишкек ТЭЦти жаңылаганын, өзүнүн мөөнөтүн узартпаганын, Конституцияга өзгөртүү киргизгенин колдодум. Азыркы Конституция биздин мамлекетибиз үчүн жарабайт. Текебаев иштеп чыкканда эле каршы чыкканбыз. Азыр да бул Конституция бизге туура келбейт. Бийликтин баары президентте. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович Башмыйзамды оңдошу керек болот. Атамбаевдин учурунда жолдон, Датка-Кеминден, Бишкек ТЭЦтен жегендер жооп бериши керек. Мен уурулук жагын колдобогом. Атамбаевдин тушунда Текебаев, Жапаровдордун камакка алынганын да колдобогом. Өзүм сотторго барып жүргөм.

— Атамбаев менен үй-бүлөлүк байланыш барбы? Жеңемди Рая Атамбаева менен курбу, сүйлөшүп турушат деген маалыматтар чыкпады беле?

— Кайдан? Атамбаев менен үй-бүлөлүк байланыш жок. Өзүм деле экс-канайымды тааныйм. Жеңең Рая Атамбаеваны тегерек үстөлдөрдө эле көрбөсө, жолугуп сүйлөшпөйт. Аны ким жазса да илхому менен фантазиясы ашынып кетип жазып жиберген окшойт.

— Азыр экс-президент үчүн кыйын кез болуп турат. Тегерегинде жүргөндөрдүн көбү качып жолобой жүрсө, ишенгендери камакка алынды. Кээ бирөөлөрү качып кетти. Атамбаев дегенде жеңин түрүнө жөнөгөн кээ бир партиялаштары “Атамбаевсиз КСДП” деген ураанды көтөрүп, КСДПдан Атамбаевди түшүрөбүз деп турушат. Экс-президенттин бүгүнкү жагдайын кантип элестетесиз?

— Азыр Атамбаевдин жагдайы саясий, моралдык жактан дагы кыйын. Алты жыл президент болуп иштесе, ишинин жакшы жактары көрүнбөй, элге жаман жактары көбүрөөк тарап кетти. Бүгүн Атамбаевдин жакшы жактарын айткан киши жок. Биз укуктук мамлекет куруп жатабыз. Ошон үчүн президент, министр, чабан болобу мыйзамдын алдында жооп бериш керек. Бирок, сот системасына ишенгендер аябай аз. Атамбаев бийликте турганда сот реформасын баштаган. Реформасынын кебетеси азыркыдай болуп жатат. Кайсыл президент болбосун, алардын биринчи иши коррупцияны азайтуу. Биздикилер болсо “коррупцияны жок кылабыз” деп айтып, өтө жогорку максатты коюп алышууда. Коррупциясыз бир да мамлекет жок. Ошон үчүн элге сөз берип жатканда коррупцияны азайтабыз деп абайлап айтыш керек. Үч президентибиз тең коррупция менен күрөшөм деген. Акаев деле коррупция менен күрөш жүргүздү. Бирок, жакын туугандары, үй-бүлөсү экономикада, кадр саясатында тымызын иштеди. Бакиев деле коррупция менен катуу күрөшөм деген. Анда дагы үй-бүлөсү, жакын туугандарынын жарымы тымызын, жарымы ачык иштеди. Максим ЦАРИИни уюштуруп, экономиканы ачык башкара баштаган. Атамбаев туугандарын бийликке алып келген жок. Туугандарынан бир эле Алымбай Султанов чоң кызматта турду эле, аны да Темир Сариев кызматтан алып салган. Атамбаевдин туугандары аралашкан жок деп коррупция азайбады.

— Атамбаев үй-бүлөсүн бийликке алып келбегени менен шоопур, жан сакчы, катчы, кампачы дегендерин алып келип, кландык башкаруу жүргүзүп, ошолор менен коррупцияны гүлдөттү десек туура болчудай го?

— Ооба, ал өзүнүн кол алдында жүргөндөрдү тажрыйбасына, жөндөмүнө карабай эле кызматтан-кызматка көтөрдү. Үй-бүлөлүк башкаруу болбоду. Бирок, коррупция болду. Ошон үчүн Асилбек Жээнбековду ачык-айкын иштеп, керек болсо КСДПнын башында туруп, же болбосо башка партияны алып чыгып, лидер катары өзү турушу керек деп айтам. Эгерде ачык-айкын иштесе эл эмне кылып жатканын көрүп турат. Тымызын иш алып бара турган болсо, ар кандай сөздөр көбөйүп, эл көп нерсеге ишенбей баштайт. Асилбек Шарипович партиянын лидери болуп чыкса, Сооронбай Шариповичтин саясаты башка нукка түшүп бараткан болсо, ачык түрдө “Сооронбай Шарипович, ушул жериңиз туура болбой жатат” деп чыгышы зарыл. Польшада А. Качиньский президент болсо, иниси премьер-министр болуп иштеди. Польша демократия тепкичинде бизден жогору турат. АКШда президент Трамптын күйөө баласы президенттик администрациянын чоңу. Кызы Ак үйдө чоң болуп иштеп жатат.

— Жээнбеков КСДПнын лидери болуп чыкса, мурунку президент акыркы ишеничи болуп турган КСДП партиясын биротоло колунан чыгарып жибереби?

— Бүгүн Атамбаев ошондой коркунучта турат. Себеби, 60–70 пайыз коомчулук Атамбаев башкарган КСДПны коррупциялык ызы-чууга аралашып калганы үчүн колдобойт. Эгерде КСДПнын лидерлиги Жээнбековго тийсе, анда партия кайрадан колдоо табат. Анткени, биздин элибиздин 50–60 пайызы автоматтык түрдө бийликти колдойт. 10 пайызы дайыма бийликти жамандайт. Ким бийликке келбесин, жаман жагын тапканга аракет кылышат. 30 пайызы ортодо туруп, эки жакка оогондор. Эң коркунучтуусу ошол 30 пайыз. Алар кайсыл жакка оосо, ошол жак утушка ээ болот.

— Азыр камалып жаткандардын баары коррупция менен камакка алынууда. Камоонун логикасын ала турган болсок, бул иш Атамбаевге барып бүтүшү керек болот да. Экс-президентке чейин жетчү түргө өтүп калдыбы?

— Биринчи Айбек Калиев камакка алынды. Андан кийин министр болгон Артыкбаев киргизилди. Жогорулап олтуруп премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаковго чейин жетти. Атамбаев эң негизги вектору. Тергөө Атамбаевге барып такалат. Аны да чакырып суроосун берет, Масалиев иммунитетин алуу мыйзамын иштеп жатат. Атамбаев өзү ушуга даяр болуп турушу керек.

— Атамбаев күздө камалабы?

— Сотто далилдери такталса, сөзсүз түрдө Атамбаев дагы күздө камалат. Кылган иши далилденип турса, башка сөздү айтуу үчүн фантазиясы деле калбай калат. Демократиялуу мамлекеттерде президенттер камалып жаткан учурлар болууда. Бизде дагы ошондой учур болуп калышы мүмкүн. Бакиевди бул жакка алып келбей туруп эле сыртынан соттоп салышпады беле. Атамбаев деле ошондой болот.

— Дос дегенди кыргыз ыйык тутуп келген. Сооронбай Жээнбековдо досун камап жиберүүгө эрк барбы? Дух жетеби?

— Эгерде Атамбаевдин кол тийбестигин алса, анда Сооронбай Жээнбековдун дагы кол тийбестиги жок болот. Ошону менен Жээнбековдун колу кыскарат. Күнөөлүүлөрдү түрмөгө олтургузуу керек да. Саясатчылар күнөөлүү болсо да президентти жаман көрүп калышат. Саясий куугунтук деген чапанды жамынып чыгышат. Саясатчыны уурдап жаткан жеринен кармасаң да “Бул саясий куугунтук, президенттин колунан келген иш” деп айтышат. Иммунитетсиз иштөө президент үчүн өтө кыйын. Атамбаев менен Жээнбековдун достук мамилеси менин оюмча үзүлгөн жок. Экөө достук планга жылдырып коюшту. Достук той-аш менен калып, саясатты өзүнчө бөлүп кетишти. Сооронбай Шариповичтин президенттиги “Платон менин досум, бирок чындык андан жогору” деген ат менен тарыхка кирди. Ушул саясатты депутат, министрлер да колдошу кажет. Өлкөдө достук саясаттан, жумуштан бөлүндү. Сооронбай Жээнбековдо досунун кылмыштары далилденсе, камаганга эрк, дух да жетиштүү. Бирок, мында эрк менен дух жетишсиз. Бийликтин курулуш архитектурасы да чоң роль ойнойт.

— Сиз айткандай коррупция менен айыпталып камалып жаткандар саясий куугунтук болуп жатат деп айтып жатышпайбы. Бийликке ык көрсөтчү саясатчылар камалдыбы?

— Саясий куугунтук деп айтканы күлкүлүү болду. Саясий куугунтук дегениң дем алып жаткан абадай. Аныктамасы же мыйзамда каралган беренеси жок. Эгер президент өлкөнү парламенттик өлкөгө айландырам, ошого аракетимди көрөм деп чыкса, ага каршы бир депутат президенттик башкаруудагы мамлекет болушубуз керек деп каршы турса, прокуратура депутатты чакырып алып, сен президентке эмне максатта каршы чыгып жатасың деп кылмыш ишин ачса, анда саясий куугунтук болот. Азыркы камалгандарды элдин мүлкүн жеп койгон деп кармап жатат. Кечирип койгула, бул саясий куугунтук эмес. Оппозиция боло калгандар деле жогорку кызматтарда иштегендер, артына калбыр илгендер.

— Буларды оппозиция деп айтууга ооз барбайт го?

— Алар болгону Атамбаевдин командасындагы адамдар. Атамбаевдин командасы болгонубуз үчүн камап жатат деп айта беришет.

— Аларды саясий куугунтук деген тонду жамынып алгандар деп баа берсек болобу?

— Туура, дал ошондой. Алар тон жамынып алгандар. Камалган саясатчылардын 90 пайызы саясий куугунтук деген тонду жамынып алышат. Арасында чын эле саясий куугунтук менен камалгандары бар. Мисалы, Садыр Жапаров.

— Атамбаевдин учурунда саясий куугунтук көп болдубу?

— Жаңы бийлик ишти баштаганына 8 ай гана убакыт болду. Камалгандар ызы-чуулуу иштер менен темир тор артында олтурат. Ал эми Атамбаевдин учурунда саясий куугунтуктар болгон. Ага каршы чыгып, саясатын сындагандарга кылмыш иши ачылып, мактагандарга кылмыш иши ачылган жок.

— Экс-президенттин негизги катачылыгы эмнеде болду?

— Бүгүнкү абалга жалгыз Атамбаев эмес, революция кылдык деген 14 киши күнөөлүү. Алар бир команда болуп мамлекетти башкарыш керек болчу. Бири-бири менен чырдашып жүргөндөн кийин Атамбаев баарын кууп жиберип, өзү жалгыз калды. Жаш, коррупцияга малынбаган кадрларды алып келем деп атып, коррупцияга малынгандары камакка алынып, ызы-чуу болуп жатат. Саясатта тажрыйба керек. Тажрыйбасы, жүрөгү жокторду жанына топтоп алды эле, азыр кайсыл жашы Атамбаев үчүн бир нерсе деп айтып жатат? Мискенбаев дегенден башка. Анысы да көмүр боюнча иш козгоп койгондон кийин чыгыптыр. Атамбаевдин дагы бир катачылыгы – мамлекеттик башкарууну шоопуру баштаган жакындарына берип койгондо болду. Биздин жетекчилерибиздин шопурлары ошол кесиби менен пенсияга чыгышчу. Бул шопурун мыкты иштейт деп эң бийик кызматтарга көтөрдү, болгондо дагы тездик менен. “Серый кардиналга” айландырып жиберди. Атамбаев өзү мамлекетти башкарууга жетише албай калды.

— Оппозицияга айланган Атамбаевде бийлик менен күрөшчү топ барбы?

— Атамбаев өжөр киши. Ал күрөштү токтотпойт. Чогуу күрөшө турган топ дагы бар. Өзү өстүргөн “молодой” саясатчылар, алардын пикирлештери, чогуу иштешкендер аны менен болушат. Мыйзамдуу түрдө гана күрөш жүргүзө алат. Эгерде эле кайрадан революция жасайм десе, анда өлдү.

— Атамбаев камалышы мүмкүн дедиңиз. Ал күзүндө камакка алынса, саясий абалды өзгөртө ала турган окуя болобу?

— Өзгөрбөйт. Атамбаев камалды дегенди уккан элдин көбү бул бийликти колдойт. Элде бийликте жүргөн адамдарга жек көрүү күчөгөн. Командасы кандай кадам жасарына байланыштуу. Бирок, командасында жүрөк жок дебедикпи. Алар күрөш жүргүзө алышпайт. Саясатты футбол деп элестетсек, Атамбаев командасына футболчуларды албай, шахматчыларды топтоп алгандай эле кеп. Кана Илмиянов элдин алдына чыгып сүйлөгөнү? Фарид элге чыгып жатабы? Үсөнов деген кайда жүрөт? Буларга караганда 2007-жылдары Атамбаевдин жанында жүргөн Эдил Байсаловдор эрктүү болушкан экен.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: