Menu

Азылов менен Чыныбаевге “устукан” керек болдубу?..

Бөлүшүү:

Кандуу режим тушунда Жыргалбек Азыловдун жылдызы жанган эле. Бакиевдер менен коюн-колтук алышып, Нарын облусунун губернатору болууга жетишкен. Бирок ал орунга жөн жерден эле барып калган эмес. Бакиевдер тарабынан өздөрү үчүн бир миссияны аткаруу тапшырмасы коюлат. Жетим-Тоону кытайларга сатууну көздөшкөнү, Азылов анысын ойдогудай аткарганбы? Анан калса, эл душманы катары жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин айтып жүрүшөбү? Мындан тышкары, тыңгылыктуу иштей албаганычы?..

Убакыт өтүп, Азылов бийликтен жаңы кызмат берүүнү, элчи болууну самаганын билдирип, Бельгия королевствосуна элчи болуп барууну суранат. Ал учурда Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Чынгыз Айтматов эле. Айтматов ден-соолугуна байланыштуу бир топ жылдан бери Европада иштеп, ден-соолугуна кам көрүп келген, анын үстүнө ал жактын абасы анын ден-соолугуна ылайык болгонун билебиз. Мамлекеттин, кыргыз дипломатиясынын аброюн уруп ойнобогон бакиевдер жеке кызыкчылык үчүн Айтматовго айтпастан, эч себепсиз аны кызматтан кетирип, ордуна Жыргалбек Азыловду дайындашат. Күтүлбөгөн жерден кызматтан алынган Айтматов, ушул окуядан соң стресске кабылып, ооруп калганы боюнча маалыматтар айтылган. Демек, Азыловдун кесепетинен Айтматов оо дүйнө сала бергенби?..

Бүгүнкү күндө Азылов өзүнө окшогон шериги Адамкалый Чыныбаев экөө “сүттөн акпыз” дегенсип, “Чүй коому” деген уюм түзүшүп, он чакты эбак аттары эскирген бакиевчилерди жана башка “жепжутарларын” чогултуп, бийликтин эшигин каккылап жүрүшкөнү кандай? “Күзгө карай саясый кырдаал курчуп кете турган болсо, биз Жээнбековго туруп беребиз, Чүй эли биздин колдойт” дешип, ооз көптүрө убада беришкени ыраспы? Аныгында, булардын заманы өткөнү, кайсы бийлик болбосун хамелеончо кубулушуп, “устукан” алууга жанталашкандарын кантесиң? Тактап айтканда, булардын артынан бир ууч топ эрчибесин эбирешет. Кечээ эле президенттик шайлоодо булар Жээнбековду татыксыз талапкер катары сыпатташып, Бабановдун этегине эрмешип жүрүшпөдү беле? Эми Бабановдун башына кара булут айланганда аны таштай качышып, 180 градуска бурулуу менен Жээнбековго жүгүнүштүбү? Андыктан, буларга окшогон саясатчы сөрөйлөргө ишенүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?..

Акыл БАКТЫБЕКОВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: