Кечээ 14-ноябрда Бишкектеги «Ак Сарай» ресторанында «Мисс Кыргызстан 2018» официалдуу сулуулук сынагы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өткөрүлдү.
«Мисс Кыргызстан −2018» сынагында 21 жаштагы Элмара Буранбаева сынакка катышкан 23 кыздын арасынан жеңүүчү деп табылып таажы кийгизилди. Эми ал Кыргызстандын атынан «Дүйнө сулуусу-2019» сынагына катышат.
Элмара Боронбаева 1997-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Орус филологиясы факультетинде 3-курста окуйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ